Текст песни
Ал кыз сулуу перидей
Издей берем калсам кезикпей
Бирге жүрсөм такыр зээрикпейм
Таттусуң мөмө жемиштей
Жардар жүрөк жардам сурайт
Бараткансыймын жардан кулап
Абалым ушул менин азыр
Бир келип кетчи алым сурап
Сен өзүң дартка дабасың
Башкаларга да жагасың
Көз арткандардын бир бирден
Мен өзүм берем жазасын
Жүрөктө ойгонуп сезим
Сени ойлонгон кезим
Тандадым сени баалап
Мен чыгардым чечим
Бир гана сени гана тандадым перим
Көздөрүң тунук көлдөй бар
Көрүүгө сени көңүл зар
Көчө чыксаң көчө да
Көрктөнө түшөт жаркырай
Ачыгын айтсам кебим бар
Билем сенде дагы сезим бар
Кошулуп жүрөк бир болсо
Сактап алчу менде эсим бар
Ачыгын айтсам кебим бар
Билем сенде дагы сезим бар
Кошулуп жүрөк бир болсо
Сактап алчу менде эсим бар
Ал кыз сулуу перидей
Издей берем калсам кезикпей
Бирге жүрсөм такыр зээрикпейм
Таттусуң мөмө жемиштей
Катылып сен бекилгендей эй
Кайда жүрдүң мага перим кезикпей
Карагатым кандай гана жансың ээй
Көздөрү да туптунук мөлтүрөгөн
Таныйм аны тээ алыс күлкүсүнөн
Көрбөйм түнкүсүн көпчүлүкө үлгүсүң
Эй үлгүсүң
Көздөрү да туптунук мөлтүрөгөн
Таныйм аны тээ алыс күлкүсүнөн
Көрбөйм түнкүсүн көпчүлүкө үлгүсүң
Эй үлгүсүң
Өчүп жанган жарык болбой күн болойун сага
Ысып кетсең салкын болуп күз болоюн кайра
Көңүл чөксө көтөрүүгө табам амал айла
Табам айла
Ал кыз сулуу перидей
Издей берем калсам кезикпей
Бирге жүрсөм такыр зээрикпейм
Таттусуң мөмө жемиштей
Ал кыз сулуу перидей
Издей берем калсам кезикпей
Бирге жүрсөм такыр зээрикпейм
Таттусуң мөмө жемиштей
Похожие исполнители
Комментировать