Текст песни
Жүргөндө көңүл сүйбөй эч кимди
Көңүлсүз дагы бир күн кеч кирди
Өрттөгөн убагында махабат
Өттүго ал сезимдер эскирди
Кабылдың кайра козгоп жүрөктү
Жашардым уурттагандай мүрөктү
Ыраазы болуп турам өмүргө
Өзүңдөй жоолуктурган чүрөктү
Карегиңде сыры сезим жасоонун
Камагында калдым кыйын жашоонун
Кашайтып бир кетпей ушул жалганда
Кагылайын келчи кетсин баш оорум
Бул таптаза сүйүү жерде калып калбай баркталсын
Бир басалы алыс узак жолдор тапталсын
Мага дем бергеним болчу жалгызым жаным бир өзүң
Сенин атың түбөлүкө жүрөгүмө сакталсын
Жаз келгенде көрүп сүйүүбүздүн башатын
Жай дагы берип алыстатсын бизден жазасын
Күздө келип салкын тартпа сенден суранам
Кышта тоңбой махабатыбыз далай жашасын
Карегиңде сыры сезим жасоонун
Камагында калдым кыйын жашоонун
Кашайтып бир кетпей ушул жалганда
Кагылайын келчи кетсин баш оорум
Карегиңде сыры сезим жасоонун
Камагында калдым кыйын жашоонун
Кашайтып бир кетпей ушул жалганда
Кагылайын келчи кетсин баш оорум