Текст песни
О периштем
Кечир мени кечигип кейитсем
Баркың билбей
Баалай албай бактыңды кемитсем
Көз жашыңды
Тамчысынан көрөмүн деңиздин
Деңиз мени сендикмин дегизди
Жүрөгүбүз экөбүздүн эгизби
Оо берекем
Сени менен бирге болсом экен
Күнө менде
Колундагы алтынды сезбеген
Эми билдим
Кыскалыгын бир келген өмүрдүн
Назиктиги сендеги көңүлдүн
Жан дүйнөңдүн сулуулугун көркөмүн
Сүйүшкөндөр ар дайым
Бир болсо экен
Абалың сенин кандай
Турамын көзүмдү албай
Жүрөк сыздайт сени ойлоп
Ойлор учат ар кандай
Убакыт токтоп турчу
Сүйүүмө көңүл бурчу
Кусага салып мен сени
Жүрүпмүн сени сыйлабай
Кечирчи суранам
Кадырыңа жете албаган менмин
Мойнума алам
Сөз таба албай турам сооротууга
Эмне деп айтам
Сабырыңдан айланам
Сабырыңдан айланам
Кемип турам
Сүрөтүңдү мен карап эскирген
Жытыңды издейм ар соккон желдерден
Таппайм сендей өмүр бою издесем