Обложка трека Кайдасың — Чынгыз Турдубеков, Султан Садыралиев
3:44

Чынгыз Турдубеков, Султан Садыралиев Кайдасың

Альбом · Кайдасың · 2016

Скачать

Текст песни

Билинбей күндөр узап
Сагынычым үмүт менен жол карап
Жалындап күйүп-жанат
Көңүлдөгү жандырмаксыз табышмак
Кезигүүнүн издеп келем айласын
Ойлор курчайт таппачудай пайдасын
Супсак сымал күңүрт алып айлана
Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?
Тамчылай ак жамгырдай
Шаркыраймын көл издеген агымдай
Асманда жалгыз куштай
Теңселемин шамал соккон булуттай
Кезигүүнүн издеп келем айласын
Ойлор курчайт таппачудай пайдасын
Супсак сымал күңүрт алып айлана
Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?
Кезигүүнүн издеп келем айласын
Ойлор курчайт таппачудай пайдасын
Супсак сымал күңүрт алып айлана
Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?
Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?

0:00 0:00