Обложка трека Деңиздеги — LUCKY
3:50

LUCKY Деңиздеги

Сингл · 2025

Скачать

Текст песни

Дениздеги жалгыз калган кайык сымал
Шамалы жок дарегимден мен жылбай турам
Айнек үйгө камакталган балык сымал
Тагдырымдын тардыгына сыйбай турам

А сен мага дем бересиң жел бересиң
Сен мага түпсүз терең көл бересиң
Мен кантип үмүтүмдөн күдөр үзөм
Ал көлдө өзүң менен бирге сүзөм
Махабат мейкининде бийге түшөм

Жер асмандын ортосунда түркүк болуп
Табияттын же мыйзамын мен буза алармын
Алтын тордо бошотулган бүркүт болуп
Канат күүлөп сен тарапка сыза алармын

Анткени сен чыгарасың туңгуюктун торунан
Буулукканда бир өзүңө жолугам
Кубат алам көздөрүңдөн алган жообуман
Себеби билем менин жеңилүүгө жолум жок
Бир өзүңдөн башка жанга орун жок
Эч жүрөгүмдө көкүрөгүмдө

Анткени сен мага дем бересиң жел бересиң
А сен мага дем бересиң жел бересиң
Сен мага түпсүз терең көл бересиң
Мен кантип үмүтүмдөн күдөр үзөм
Ал көлдө өзүң менен бирге сүзөм
Махабат мейкининде бийге түшөм

0:00 0:00