Обложка трека Эх сүйүү — LUCKY
3:18

LUCKY Эх сүйүү

Сингл · 2025

Скачать

Текст песни

Жазсыңбы сен жаркып келип көктөгөн
Жалынсыңбы жүрөгүмдү өрттөгөн
Сени көргөн күндөн тартып өзгөрүп
Соолуга албай магдырадым көпкө мен

Кайран жаным азаптарга торулган
Кайра сенин чыкпай калды торуңдан
Кайгы билбей жүргөнүмдө капилет
Кайдан чыктың кагылайын жолумдан

Санаа тартып эми кайра күндө миң
Саргаябы менин жаркын күндөрүм
Бажырайып коштойт сенин элесиң
Бакытсыңбы азапсыңбы билбедим

Санаа тартып эми кайра күндө миң
Саргаябы менин жаркын күндөрүм
Бажырайып коштойт сенин элесиң
Бакытсыңбы азапсыңбы билбедим

Арбап алдың сен мени кылыктанып
Алоолонот жүрөгүм күйүп жанып
Байлап алдың аркансыз мени жаным
Махабатка мас болдум сүйүп калып

Жан дүйнөмдү жаркытып үмүт жанып
Сүйүп калдым дегим бар күлүп барып
Махабаттын туткуну кылып алдың
Сезимиме сездирбей бүлүк салып

Сендик сезим дүйнөмдү уялады
Жүрөгүмдөн уруксат сурабады
Капысынан кезиккен махабатым
Сен мени сүйөсүң билем аны

Санаа тартып эми кайра күндө миң
Саргаябы менин жаркын күндөрүм
Бажырайып коштойт сенин элесиң
Бакытсыңбы азапсыңбы билбедим

Санаа тартып эми кайра күндө миң
Саргаябы менин жаркын күндөрүм
Бажырайып коштойт сенин элесиң
Бакытсыңбы азапсыңбы билбедим

0:00 0:00