Текст песни
Алсырап жан кейип башы катып турганда
Жардам бер жерден өйдө турганга
Кол сунсаң сенин колуң булганбайт
Булганбайт
Бул жашоо бумеранг кайрылат бат
Күн сайын жүрөктү тазалап жат
Бир өзүн ойлогон элге батпайт
Жерге батпайт, элге батпайт
Бул өмүр биз үчүн мектеп
Сен менен мага дагы берилген дептер
Бетине жазылат кылганың баардыгы
Так аткар таразаң өлчөмү чэнөөдө калбасын салмагы жетпей
Жакшылыкта жарышып качпай
Чукулабай абийирин ачпай
Жараткан бар кылганыңдын баардыгын тактайт
Көрбөйт деп көөп кетпе байка
Көздү таңып чечпей
Жарык бул ааламды сезбей
Жүрсөк жаман сууну кечпей
Бизге дагы эмне жетпейт
Бул жашоо бумеранг кайрылат бат
Күн сайын жүрөктү тазалап жат
Бир өзүн ойлогон элге батпайт
Жерге батпайт, элге батпайт