Текст песни
Сүйгөнүмдү билем дайым бир жүргөн
Ооба ал кыз аз сүйлөгөн аз күлгөн
Ага дагы карабасам таң калба
Мага ал кыз укмуш дүйнө мен билген
Өтө назик алтын күздүк жалбырак
Карашы укмуш катуу жаным албырат
Сүйлөгөндө сөздөрүнөн бал тамып
Жооп таппай кала берем калтырап
Өтө сулуу жаңы ачылган гүлдой өңү
Эң жакканы шыңгыр мага күлгөнү
Күндүз күнү жарык берген күн десем
А сүйгөнүм ай экен да түндөгү
Эки бети аз маз бышкан алмадай
Уялганда кызарышат жайма жай
Жолукканда өөп койсом болчудай
Же ал катып калабы дейм талмадай
Чачы узун сонун чыгат жайылса
Арасына түркүн гүлдөр тагылса
Жыты анын араматсыз жаргыдай
Өтө жыттуу мага жагат тажабайм
Көзү сулуу мөлтүрөп бир төгүлгөн
Андай көздү коро элекмин бул өмүрдөн
Так бетинде өзгөдө жок чуңкуру бар
Ошол жерге болсом деймин көмүлгөн