Обложка трека Чөкпө — Beknazar Tilekov, LUCKY
3:30

Beknazar Tilekov, LUCKY Чөкпө

Сингл · 2026

Скачать

Текст песни

Бүгүн ыйласак эртең күлөбүз
Бакыт дайындыр кайдан билебиз
Өлсөм пайда жок эстээр ким бар деп
Өзгө айла жок өмүр сүрөбүз

Бүгүн жеңилсек эртең жеңебиз
Бүттү деп эрте азап чегебиз
Алдыда өлүм аркага жол жок
Анан шашабыз кайда неге биз

Жолдон кезиксе баткак белчеден
Жоголот неге кыял эңсеген
Байлыгың дүйнөң деле бир тыйын
Бакыт көрө алсак баардык нерседен

Жолдон кезиксе баткак белчеден
Жоголот неге кыял эңсеген
Байлыгың дүйнөң деле бир тыйын
Бакыт көрө алсак баардык нерседен

Дүйнө жаңырат жүрөк айыгат бил
Баары жаңылат жолу табылат бир
Жаңы барагын ачып өмүрдү жаңылап кир
Жадырап жүр
Ооздо тамекиң кандай маселең бар
Үйдө балдарың жарың ата энең бар
Ойлоно бербе бакыт бар сенде кыйналат пенде
Жыйналат пенде

Башыңды көтөр
Баардыгы өтөр
Башкалар тапкан бак сага да жетер
Ойлонуп бекер
Оорудуң жетеер
Сени да бир күнү бактылуу дешеер

Жоголот баары
Оңолот дагы
Башынан бүчүрлө гүл ачып жаңы
Азаптын дагы
Айыгат тагы
Жарака жабылаар убакыт даары

Сен Жыгыласың тур
Жыгылтпаган айла бул
Шагыраган таштан да
Шаар кылып бирдеме кур
Тагдыр азап салса
Баары аркада
Чуркай бер токтобо сен чарчаба

Сен Оюнчук болбой
Оюнчу болгун
Барактагын бараткан жолдо
Жараткан колдойт
Бирде барасың
Бирде каласың
Ошентип бактыңды сен табасың

Жолдон кезиксе баткак белчеден
Жоголот неге кыял эңсеген
Байлыгың дүйнөң деле бир тыйын
Бакыт көрө алсак баардык нерседен

Жолдон кезиксе баткак белчеден
Жоголот неге кыял эңсеген
Байлыгың дүйнөң деле бир тыйын
Бакыт көрө алсак баардык нерседен

0:00 0:00