Обложка трека Жаштык — LUCKY, Beknazar Tilekov
2:56

LUCKY, Beknazar Tilekov Жаштык

Сингл · 2026

Скачать

Текст песни

Чок сымал шамал болсо тарадыкпы
Чогултуп коё албадым аралыкты
Жашынмак ойнойбуз деп эх ошондо
Жашырып коюптурбуз балалыкты

Уйкудан турган өңдүү чала бойдон
Сагыныч катып калган жара бойдон
Мендеги пенделикти силкип таштап
Мен бүгүн калгым келди бала бойдон

Жабышкан тамандарга жолдун кири
Жуурулган топуракка колдун кири
А азыр дене таза бирок аттиң
Тазарбай турат неге ойдун кири

Көтөрүп күлкү толгон баштыгымды
Күн санап сезем сенден пастыгымды
Жүрөктүн түпкүрүнө катып койдум
Жоголуп кете турган жаштыгымды

Таштабай ырыскымдын жарты нанын
Таптаза канат бойдон талпынамын эй
Боюмду чоңоюуга тапшырсам да
Жүрөктү бөбөк бойдон калтырамын эй

Кош жаштык коштошомун жашып дагы
Күндөргө көчө берем ашып дагы
Тек гана сен бөлүнүп кеттиң менден
Төгүлгөн таза сүттөй кашыктагы

Жабышкан тамандарга жолдун кири
Жуурулган топуракка колдун кири
А азыр дене таза бирок аттиң
Тазарбай турат неге ойдун кири

Көтөрүп күлкү толгон баштыгымды
Күн санап сезем сенден пастыгымды
Жүрөктүн түпкүрүнө катып койдум
Жоголуп кете турган жаштыгымды

Көтөрүп күлкү толгон баштыгымды
Күн санап сезем сенден пастыгымды
Жүрөктүн түпкүрүнө катып койдум
Жоголуп кете турган жаштыгымды

0:00 0:00