Текст песни
Мен сени кең ааламга батпай сүйөм
Мен сага сүйөмүн деп айтпай сүйөм
Акылдын ченемине баш бербеген
Жүрөгү сүйлөп турган мастай сүйөм
Кысылбай кенен сүйөм ачык сүйөм
Сүйүүмдөн эки эсе ашык сүйөм
Жүгүрүп мезгил менен токтоп калбай
Өмүрдүн ыргагындай шашып сүйөм
Сагынсам ойлоп сүйөм эстеп сүйөм
Жетпес андан дагы көп көп сүйөм
Ар кимдин назарына илиндирбей
Аярлап көпчүлүктөн четтеп сүйөм
Сагынсам ойлоп сүйөм эстеп сүйөм
Жетпес андан дагы көп көп сүйөм
Ар кимдин назарына илиндирбей
Аярлап көпчүлүктөн четтеп сүйөм
Мен сенин күлкүң болом кубанганда
Ыйласаң жашың болуп көзүңдөгү
Сен болуп сен деп гана күн кечирем
Унутуп бүт баардыгын өзүмдөгү
Тарасаң чачтарыңды толкунга окшош
Тулкумду ыргытамын тереңине
Мага азыр сени сүйүү эң чоң милдет
А андан башкасынын кереги не
Жоголсом сен деп безип баардыгынан
Табылсам сенден гана табыламын
Мен сени сүйгөн үчүн бактылуумун
Мен сени сүйгөн үчүн таарынам
Мен сенден күндө кетип күндө келем
Сен өзүң кел дебейсиң кет дебейсиң
Мен сени сенден дагы көп ойлоном
Сен мени эстейсиң же эстебейсиң
Сагынсам ойлоп сүйөм эстеп сүйөм
Жетпес андан дагы көп көп сүйөм
Ар кимдин назарына илиндирбей
Аярлап көпчүлүктөн четтеп сүйөм
Сагынсам ойлоп сүйөм эстеп сүйөм
Жетпес андан дагы көп көп сүйөм
Ар кимдин назарына илиндирбей
Аярлап көпчүлүктөн четтеп сүйөм