Текст песни
Эске салып өмүр өтүп жатканын
Бирин серин ак түшкөнсүйт чачтарым
Мен өзгөрдүм жашоо мени өзгөрттү
Азыр бөлөк мурдагыдан башкамын
Жашоо деген өйдө төмөн жол тура
Ошол жолдо жарышкандар толтура
Ар бир жандын өз кайгысы жетиштүү
Эх дүнүйө сенде түйшүк мол тура
Жашоо деген өйдө төмөн жол тура
Ошол жолдо жарышкандар толтура
Ар бир жандын өз кайгысы жетиштүү
Эх дүнүйө сенде түйшүк мол тура
Жашоо жарыш кубаласаң жетпейсиң
Тириликти араң тартып эптейсиң
Канчалык көп тытынсаң да бир күнү
Өмүр бүтүп бул жарыштан четтейсиң
Жашоо жарыш кубаласаң жетпейсиң
Тириликти араң тартып эптейсиң
Канчалык көп тытынсаң да бир күнү
Өмүр бүтүп бул жарыштан четтейсиң
Магдырап мелүүн соккон шамал менен
Мезгилдин жазы бүтүп жайы келет
Күркүрөп күздө жааган жамгыр менен
Кыштын да ызгаар баскан айы келет
Жаралдык бирок кайра кетебиз биз
Жарк этип кайра өчкөн чагылгандай
Жамгырдын ар бир түшкөн тамчысына
Өмүрдүн ар мүнөтү катылгандай
Турмушта далай күндөр өтсө дагы
Төрт мезгил улам кайра келе берет
Бирөөлөр жаңы гана көзүн ачса
Бирөөлөр көзүн жумуп кете берет
Турмушта далай күндөр өтсө дагы
Төрт мезгил улам кайра келе берет
Бирөөлөр жаңы гана көзүн ачса
Бирөөлөр көзүн жумуп кете берет
Жашоо жарыш кубаласаң жетпейсиң
Тириликти араң тартып эптейсиң
Канчалык көп тытынсаң да бир күнү
Өмүр бүтүп бул жарыштан четтейсиң
Жашоо жарыш кубаласаң жетпейсиң
Тириликти араң тартып эптейсиң
Канчалык көп тытынсаң да бир күнү
Өмүр бүтүп бул жарыштан четтейсиң