Текст песни
Сүйдүм сени сүйүүм мени кечиргин
Сендик болгум келди бүгүн эсирдим
Келбес жайга кол кармашып сен менен
Кубанычы болгум келди кечиңдин
Сүйдүм сени сүйкүм кара көзүңдү
Унчугалбайм угам таттуу сөзүңдү
Уялыңкы мүнөзүмдү кантейин
Ээрчип алып кетким келет өзүңдү
Сүйдүм сени сүйкүм кара көзүңдү
Унчугалбайм угам таттуу сөзүңдү
Уялыңкы мүнөзүмдү кантейин
Ээрчип алып кетким келет өзүңдү
Кандай жансың кайдан келдиң каралдым
Жан дүйнөмө бүлүк салып карадың
Көрүп калсам көп ичинен өзүңдү
Көзүмдү албай келе берет карагым
Сездиң бекен сезимимдин толкунун
Күр шар эткен жүрөгүмдүн шоокумун
Мен да көрдүм көздөрүңдүн нурунан
Сүйөм деген сөздөрүңдү окудум
Сездиң бекен сезимимдин толкунун
Күр шар эткен жүрөгүмдүн шоокумун
Мен да көрдүм көздөрүңдүн нурунан
Сүйөм деген сөздөрүңдү окудум
Сүйдүм сени сүйкүм кара көзүңдү
Унчугалбайм угам таттуу сөзүңдү
Уялыңкы мүнөзүмдү кантейин
Ээрчип алып кетким келет өзүңдү
Сүйдүм сени сүйкүм кара көзүңдү
Унчугалбайм угам таттуу сөзүңдү
Уялыңкы мүнөзүмдү кантейин
Ээрчип алып кетким келет өзүңдү