Текст песни
Айлана керемет жомоктогудай
Сүйүүбуз болсунчу жоготпогудай
Алдына келсем да баркың көтөрүп
Кылыгың башкача тоготпогудай
Сүйүүнүн гүлү суукта тонбош керек
Таза сезим ысыкта солбош керек
Эгерде сенин мүнөзүң терс болсо
Сүйгөн адамың үчүн оңдош керек
Мен сени күтө берем муз болуп калгыча
Күтөмүн жаздын жамгыры тамчылагыча
Күтөмүн жайдын күнү куйкалап өрттөсө
Күтөмүн күзгү жалбырактай саргайгыча
Мен сени күтө берем муз болуп калгыча
Күтөмүн жаздын жамгыры тамчылагыча
Күтөмүн жайдын күнү куйкалап өрттөсө
Күтөмүн күзгү жалбырактай саргайгыча
Кызылдан көйнөгүң кийсең
Ойлорум бир өзүңдө билсең
Карай берем тойбостон көздөрүм
Мени да көзүңө илсең
Сен жашылдан көйнөгүң кийсең
Жарашып сулуусуң бир сен
Жаштыгым бөлөнөт шаңга
Жандүйнөмдү аралап кирсең
Садагам кусалык эзип
Самаймын жолукчу кезди
Саамайың сыласам деймин
Сүйүүнүн бал даамын сезип
Көз ирмебей өткөрөм түндү
Көңүлсүз чубадым күндү
Көлөкөм муңайбай күлчү
Түбөлүк жанымда жүрчү
Сүйүү келгенин тушунбой каласың
Ал адам үчүн убакыт табасың
Акырын кармап муздак колунан
Жылытып жүрөктөн орун аласың
Мен сени күтө берем муз болуп калгыча
Күтөмүн жаздын жамгыры тамчылагыча
Күтөмүн жайдын күнү куйкалап өрттөсө
Күтөмүн күзгү жалбырактай саргайгыча
Мен сени күтө берем муз болуп калгыча
Күтөмүн жаздын жамгыры тамчылагыча
Күтөмүн жайдын күнү куйкалап өрттөсө
Күтөмүн күзгү жалбырактай саргайгыча
Похожие исполнители