Перейти к содержимому
Обложка трека Ыссык-Көл — Курбанбай Эшим
4:09

Трек

Курбанбай Эшим Ыссык-Көл

Скачать

Текст песни

Ысык-Көл кээде жымжырт, кээде толкун
Толкуса толкунуна тең ортокмун
Турмушта канча жолдош күтсом дагы
Бир сырлуу мындай жолдош күткөн жокмун

Ысык-Көл, сени сүйдүм, сени ырдадым
Ырыма өзүң болдуң бел кылганым
Күнүмдүн ичкен суудай берекеси
Өзүңдүн бир көйкөлүп ыргалганың

Ысык-Көл, сен ырыскым, сен жыргалым
Ырыма өзүң болдуң бел кылганым
Өзүнчө урматтуу бир салт экен го
Күрпүлдөп көбүк чачып турган маалың

Ысык-Көл, өзүң барда, мен да бармын
Сен жарым, кереги не башка жардын
Тагдырдын марттыгына мен ыраазы
Бар тура, кубанаарым, мактанаарым

Комментировать

0:00 0:00