Обложка трека Кызганам — Курбанбай Эшим, Алымбек Бердибаев
3:18

Курбанбай Эшим, Алымбек Бердибаев Кызганам

Сингл · 2026

Скачать

Текст песни

Ай чырай сенин келбетиң
Ашыкмын аны сезбейсиң
Жүрөктөн сүйдүм өзүңдү
Жарыгым качан сезесиң

Кызганам жаным кызганам
Өзүңдү дайым башкадан
Жолуксам дагы өзүңө
Сүйүүмдү сага айта албайм

Көп ойлонуп көп жаздым
Көз карашың келбетиң
Уйкаш болду ырыма
Жүзүңдөгү берметиң

Кызганам жаным кызганам
Өзүңдү дайым башкадан
Жолуксам дагы өзүңө
Сүйүүмдү сага айта албайм

Магдырап сенин көркүңө
Мойнуңа колум ассам дейм
Кызыл гүл берип өзүңө
Кол кармашып бассам дейм

Кызганам жаным кызганам
Өзүңдү дайым башкадан
Жолуксам дагы өзүңө
Сүйүүмдү сага айта албайм

0:00 0:00