Перейти к содержимому
Обложка трека Кантем — Курбанбай Эшим
3:29

Трек

Курбанбай Эшим Кантем

Сингл · 2026 · Поп

Скачать

Текст песни

Алдадыңго алдадың
Жүрөгүмдү арбадың
Сенсиз өтпөс күндөрдө
Өзгөнү сен тандадың
Эх аттиң бул сүйүүнү
Баалабадың ардагым
Сезимимди ойнотуп
Сен алдадың, алдадың

Кантем кантем
Сенсиз кантем
Кантем кантем
Эңсеп келем
Эңсей берем

Кантем кантем
Жаным сен дейм
Кантсең дагы
Сүйүп келем
Сүйө берем

Мейли мейли кеткиниң
Сенсиз өмүр сүрөмүн
Мерез болгон тагдырдын
Буйругуна көнөмүн
Кээде күлүп, кээде ыйлап
Сени эстеп жүрөмүн
Бактым тапкан бир күнү
Сүйүлөмүн, сүйөмүн

Кантем кантем
Сенсиз кантем
Кантем кантем
Эңсеп келем
Эңсей берем

Кантем кантем
Жаным сен дейм
Кантсең дагы
Сүйүп келем
Сүйө берем

0:00 0:00