Перейти к содержимому
Обложка трека Образ — LUCKY
2:49

Трек

LUCKY Образ

Сингл · 2026 · Хип-хоп

Скачать

Текст песни

Машине суудай аккан шаарда жашап
Кээде жок а кээ күнү барда жашап
Бороондуу ызгаарында турмушундун
Өзүңдү таппай калган кандай азап

Көңүлдү көтөрүүгө аз аргабыз
Өмүрдү түгөтүүчү базардабыз
Жумушта үйдө башка элде бөлөк
Ар убак ар башкача жасалмабыз

Көргөндүн бири чындык миңи жалган
Көрсөтмө жашоо бизди минип алган
Кубултуп актер кылып турмушубуз
Кур дүйнө көкүрөккө кирип алган

Жасалма жашап билбейм неге керек
Азгырык аалам тордо тегеренет
Баардыгы бактылуу бир адамдардын
Образын көрсөткүсү келет берет

Жасалма жашап билбейм неге керек
Азгырык аалам тордо тегеренет
Баардыгы бактылуу бир адамдардын
Образын көрсөткүсү келет берет

Керекпи көйрөңдөнүп элге жашап
Керекпи аз өмүрдү желге жашап
Пас көрсө үнү өктөм бой көтөрүп
Чоң көрсө бүжүңдөгөн жеткен азап

Укмуштар чыгып келет ал арадан
Манчыркап саламга да жарабаган
Өзгөрүп түлкү болгон адаттардан
Өзү да көңүл калып тажабаган

Укмуштар чыгып келет ал арадан
Манчыркап саламга да жарабаган
Өзгөрүп түлкү болгон адаттардан
Өзү да көңүл калып тажабаган

Туураган өзүн чанып башкаларды
Туйлаган эт жүрөгү дартта калды
Баардыгын тыйын менен эсептешкен
Аттиң ай дагы бир муун ачка калды

Жасалма жашап билбейм неге керек
Азгырык аалам тордо тегеренет
Баардыгы бактылуу бир адамдардын
Образын көрсөткүсү келет берет

0:00 0:00