Обложка трека Кайда кеттиң — Айжамал Кабылова
3:39

Айжамал Кабылова Кайда кеттиң

Сингл · 2023

Скачать

Текст песни

Неден жаздым, неден жаңылдым
Не себептен мага таарындың?
Жылдыз жүзүң көзгө элестеп
Жылаажындай күлкүң сагындым
Куса болуп жездей саргарып
Күйүтүмдөн чексиз багындым
Чексиз багындым
Сага арнап сүйүү ырларын
Сага айтам жүрөк сырларын
Сен жөнүндө бүтпөс ыр жазам
Сага айтам тунук сырларым
Махабаттын кезип сапарын
Махабаттын ачкам кырларын
Ачкам кырларын
Табийгат да сенсиз суз тартып
Аянычтуу дайра муңканып
Суу боюнда өскөн камыштар
Шуудурашат үнсүз сумсайып
Кайда кеттиң, кайда жүрөсүң
Жүрөк сүйгөн менин түгөйүм?
Кайда кеттиң, кайда жүрөсүң
Жүрөк сүйгөн менин түгөйүм?
Менин түгөйүм, менин түгөйүм

0:00 0:00