Обложка трека Бул бакыт — Айжамал Кабылова
3:40

Айжамал Кабылова Бул бакыт

Сингл · 2025

Скачать

Текст песни

Күн болуп чыгып
Ай болуп сызып
Асманым бүтүн кооздойсуң
Мага жылдыздай учуп
Жарыгың сунуп
Жашоомдо жанып коштойсуң

Өмүрдү көрктөп сыр катып
Таң атып, сен деп күн батып
Өзгөрсө дагы бүт дүйнө
Өзүңдүн барың бул бакыт

Көп издеп тапкан
Көңүлгө жаккан
Адамым жалгыз сен болдуң
Ойлоруң уккан
Жолуңдан чыккан
Жомогуң жалгыз мен болдум

Өмүрдү көрктөп сыр катып
Таң атып, сен деп күн батып
Өзгөрсө дагы бүт дүйнө
Өзүңдүн барың бул бакыт

Өмүрдү көрктөп сыр катып
Таң атып, сен деп күн батып
Өзгөрсө дагы бүт дүйнө
Өзүңдүн барың бул бакыт
Саналган ушул өмүрдө
Сен менен болуу бир бакыт

0:00 0:00