Обложка трека Сенсиз деле — Айжамал Кабылова
4:16

Айжамал Кабылова Сенсиз деле

Сингл · 2024

Скачать

Текст песни

Сени сүйүп, сен деп жашап кечээ мен
Сен деп ырдап, сен деп жарым эс элем
Сенсиз деле жашап жүрөт окшоймун
Сенсиз менин жашоом бүтөт күнүм бүтөт дечү элем
Сенсиз менин, сенсиз менин
Сенсиз менин жашоом бүтөт күнүм бүтөт дечү элем
Сенсиз деле таңдар атып, кеч кирип
Сенсиз деле күн бар экен деп билип
Сезимимди кытыгылайт жаңы ырлар
Сага деген кусалыгым, сагынычым эскирип
Сенсиз менин, сенсиз менин
Сенсиз менин жашоом бүтөт күнүм бүтөт дечү элем
Тегеренип, айлар жылга айланып
Изибизди жамгыр да жууп, кар басып
Ташбоор кылып салган бизди убакыт
Сүйүүбүздү башкаларга, башкаларга арнатып
Сенсиз менин, сенсиз менин
Сенсиз менин жашоом бүтөт күнүм бүтөт дечү элем
Сенсиз менин жашоом бүтөт күнүм бүтөт дечү элем

0:00 0:00