Текст песни
Көргөндө көздү кубанткан
Көзүңдөн нурлар тараган
Айдагы пери өңдөнүп
Ашык кылган, ашыктырган
Жазгы гүлдөй жайнайсың
Мага жагып калгандайсың
Кандай сезим бул арбаган, багындырган
Түндөсү да күндүзү да арнайм сага серенада
Аттиң ай сүйөөрүмдү билсең гана
Түндөсү да күндүзү да эстей берем сени гана
Эх сулуу жетемби мен сага
Күлгөнүң сонун баарынан
Жактырып баары карашкан
Канчалаган ашыктардан
Кантип сага мен жагынам
Ак сүйүүмө себепсин
Жүрөгүмө керексин
Бул сезимимди сен байкап качан келесин