Текст песни
Мен айтайын эн алгачкы сезимди
Сени көрүп басалбагам демимди
Апакеңе түбөлүкө ыраазымын
Силер үчүн төксөм аздык теримди
Жүрөгүмдө канча болсо баарысын
Сага кызым берем баардык мээримди
Ар күн сайын өзгөрөсүң кулпуруп
Кадам шилтеп кулап кайра умтулуп
Мен ардайым болом сенин жаныңда
Болуп бизди каптаса да сур булут
Ар күн сайын өзгөрөсүң кулпуруп
Кадам шилтеп кулап кайра умтулуп
Мен ардайым болом сенин жаныңда
Болуп бизди каптаса да сур булут
Сур булут
Дайым көрсөм экен сенин жарык маанайыңды
Тилиейм кудайдан мен бакыт жана таалайыңды
Бирге болуп жаным бул бактылуу көз ирмемде
Колума көтөрүп өтөм сылап саамайыңды
Дайым көрсөм экен сенин жарык маанайыңды
Тилиейм кудайдан мен бакыт жана таалайыңды
Бирге болуп жаным бул бактылуу көз ирмемде
Колума көтөрүп өтөм сылап саамайыңды
Ар күн сайын өзгөрөсүң кулпуруп
Кадам шилтеп кулап кайра умтулуп
Мен ардайым болом сенин жаныңда
Болуп бизди каптаса да сур булут
Ар күн сайын өзгөрөсүң кулпуруп
Кадам шилтеп кулап кайра умтулуп
Мен ардайым болом сенин жаныңда
Болуп бизди каптаса да сур булут
Сур булут