Текст песни
Сени ойлобой эми койгонду билдим
Кызыктырбайт мени жандасаң кимди
Жалгыздыкка мени чырмасаң дагы
Күчүм жетет чече алам жипти
Ар тараптан тойгузат кептер
Укмаксанга салып өткөрөм эптеп
Кеттиң эми кайра келбейм деп сөз бер
Сенсиз ачылган жаңыдан дептер
Ар тараптан тойгузат кептер
Укмаксанга салып өткөрөм эптеп
Кеттиң эми кайра келбейм деп сөз бер
Сенсиз ачылган жаңыдан дептер
Кел демей бар кет демей жок менин урааным
Кол сунгам сага сен сунбай менден узадың
Ай билбей анча окшошуп кимди туурадың
Курулуп бат кайрадан төмөн урадым
Айткан менен ал убакыт кайра кайтмак беле
Жүзүңдү бурсаң мен эмне жүзүм катмак белем
Жанымда журсөң жылуу сөзүм баарын айтпайт белем
Жаныма жар кылып сени тизелеп шакек такпайт белем
Көнүп бат эле калдым эми мен кургурдай
Жолумдан кезигип калганда сөз айтпай тур мындай
Куураган дарак болдум ай, кууратып кыйнабачы жай
Турамын өзүмө батпай жайыма койчу сыздатпай
Мен билбейм кандай билик турат жанбай
Бириге албай биздин жолдор кандай
Жоолукканда тааныбаган жандай
Жоолукканда сен бейтааныштай