Текст песни
Өз бөлмөмдө турам ойго батып
Көз жүгүртүп калаага
Сен гана жоксуң жанымда садага
Ашыгам барууга
Ардайым менин таңыма
Сен күнсүң жарык багыма
Көлөкө түшпөйт шагыма
Бир сен барда
Жүгүрөт каным тамырда
Жөлөсөң башың далыма
Табылбайт бул дүйнөдө жаным
Сендей гана
Кулакка жаңырып күлкүң жүрөктү багынтып
Жүзүңдү көргөндө жаным
Черим кетет жазылып
Кыялдын чеги жок
Бирге баарына туралы
Сүйүүнү сүйүү менен жаным
Өлкөсүн күралы
Ардайым менин таңымда
Сен күнсүң жарык багыма
Көлөкө түшпөйт шагыма
Бир сен барда
Жүгүрөт каным тамырда
Жөлөсөң башың далыма
Табылбайт бул дүйнөдө жаным
Сендей мага
Ардайым менин таңымда
Сен күнсүң жарык багыма
Көлөкө түшпөйт шагыма
Бир сен барда
Жүгүрөт каным тамырда
Жөлөсөң башың далыма
Табылбайт бул дүйнөдө жаным
Сендей гана