Текст песни
Кеткем жолдун узак жагына
Келдим көпкө узатпагыла
Жыгытканы турат бир ыза
Тоолор мени кучактагыла!
Жыгытканы турат бир ыза
Тоолор мени кучактагыла!
Карегиме конгон элеси
Караан турат, мага ким өзү?
Тозуп кеттим көңүл чөккөндөн
Тоолор мени жөлөгүлөчү!
Тозуп кеттим көңүл чөккөндөн
Тоолор мени жөлөгүлөчү!
Жакшым деген бирөө эмине
Жабыркатты жалган кебине
Силер гана өзгөрбөйсүңөр
Тоолор мени сүйөм дегиле!
Силер гана өзгөрбөйсүңөр
Тоолор мени сүйөм дегиле!
Торгой болуп сайрап сагына
Кайыл болуп келдим баарына
Төрүңөргө чыктым бой таштап
Тоолор мени кучактагыла!
Төрүңөргө чыктым бой таштап
Тоолор мени кучактагыла!
Силер гана өзгөрбөйсүңөр
Тоолор мени сүйөм дегиле!
Тоолор мени кучактагыла!