Текст песни
Актан бөлүп карасын
Айкөл бол деп баласын
Корккон эмес эр кыргыз
Колго кармап Манасын
Күн өткөрүп аттын жалында
Күйүп көнгөн кызыл жалынга
Кыргыз өлбөйт Манас руху барында
Санжырасы сан жылдык
Далайларды таң кылдык
Үзбөй улап учукту
Үмүт отун жандырдык
Көөдөн менен көргөн алысты
Көксөп турган дайым жарышты
Колдон бербе эр кыргызым намысты
Ата-Журттун баалуу тары
Оозун тынбай күнтүндөп
Манасычысы күпүлдөп
Туягындай тулпардын
Жүрөктөрү дүкүлдөп
Өнөрүнө дүйнө жарданган
Өзүн тапкан ушу жалгандан
Өлбөйт кыргыз өнөр менен чаң салган
Кечээгисин унутпай
Бүгүнкүсүн курутпай
Эртеңине көз салып
Эркин жүргөн булуттай
Нарктуу кыргыз тукуму
Терең түшүн ушуну
Барктабасак урбайбы
Бабалардын кусуру
Өткөнүңдү урматта
Өзөгүңдү кургатпа
Көз талдырган жериңди
Өзгөлөргө булгатпа
Ар бир кыргыз терең ойлонсун
Түпкүрдөгү сезим ойгонсуң
Сыймыктангын таза кыргыз бойдонсуң!
Элибизде дайым ынтымак болсун
Айкөл Манас баатырын
Кырк чоро курап эр кылган
Телегейин тең кылган
Кулаалы таптап куш кылган
Курама жыйып журт кылган
Үзүлгөндү улаган
Чачылганың жыйнаган
Ак калпак кыргыз эл үчүн
Айкөл Манас атабыз
Аманат жанын кыйнаган