Обложка трека Аячы мени — Султан Садыралиев
3:00

Султан Садыралиев Аячы мени

Альбом · Сен Үчүн · 2024

Скачать

Текст песни

Жалбарып жаздан тилегем
Жазыгым жалгыз билем мен
Жан музам күүсүн толгойт
Жандаймын көзүм тойбой
Жазаңа даярмын мен

Кызганып кыялым бузба
Кызыгып куру сөз сузба
Кылымдан курап берем
Кыйраса улап берем
Кызылдын гүлүн терем

Аячы, суранам сенден, суранамын
Өз сүйүүмдү өзүмө кайрып берчи
Аячы мени, аячы
Өз сүйүүмдү өзүмө кайрып берчи

Ойлоном ойдун таңында
Ойгонсом деймин жаныңда
Оюнсуз сезимдерим
От алган кезим менин
Ой, тобо, оору жедим
Бактым деп сени тандадым
Байкабай башка калганын
Баркына жетеличи
Байланып кетеличи
Багынып эртелечи

0:00 0:00