Обложка трека Кыргыз бийи — Султан Садыралиев
3:35

Султан Садыралиев Кыргыз бийи

Альбом · Махабатым · 2024

Скачать

Текст песни

Кыймыл менен сүйлөгөн
Кыргыз бийин үйрөнөм
Кызыталы өмүрдү
Кыз-жигиттер, бий менен
Кызыкты бул таппайсыӊ
Кыдырсаӊ да дүйнөдөн

Атпай кыргыз бийлесин
Аруулантып дүйнөсүн
Жеӊил болгун булуттай
Жерге бутуӊ тийбесин
Байкап турган адамдар
Бали, кыргыз бий десин!

Куштай канат кагалы
Учпай кантип калалы
Бийге баарын чакырып
Бир кумардан каналы
Жаркын күнгө теӊелсин
Жаштыгыӊдын жамалы

Жүрөгүӊү тыбырат
Жүлүнүӊдү кыбырат
Дем кошулсун демиӊе
Дене боюӊ чымырап
Мелтиребей жарышкын
Мезгил менен зымырап

Эргүү мындай болобу
Эриккеним жоголду
Эриш-аркак бийлесек
Эл көӊүлү толорбу
Тоӊуп калган бир кезде
Толкуталы тоолорду

Жалпы кыргыз ырдасын
Жаратылыш тыӊдасын
Жаркылдаган жылдыз бий
Жашообузду нурдасын
Ырыс болуп кыргыз бий
Ынтымакты чыӊдасын

0:00 0:00