Текст песни
Туулуп өскөн асыл жерим
Тоолоруңду мен издеймин
Сулуулугуң суктандырат
Кубулжуган ыйык жерим
Менин Алайым
Жериң кооз дайым
Салкын абаңдан
Мен магдыраймын
Менин Алайым
Жериң кооз дайым
Салкын абаңдан
Мен магдыраймын
Ата бабам өткөн жерим
Алымбек датка өскөн жерим
Коргоп элин душмандардан
Курманжан эне чыккан жерим
Менин Алайым
Жериң кооз дайым
Салкын абаңдан
Мен магдыраймын
Менин Алайым
Жериң кооз дайым
Салкын абаңдан
Мен магдыраймын
Көрбөй калсам сагынамын
Көркөмүңө зарыгамын
Көп жерлерде жүрсөм дагы
Көрүнбөйт го сендей баары
Менин Алайым
Жериң кооз дайым
Салкын абаңдан
Мен магдыраймын
Менин Алайым
Жериң кооз дайым
Салкын абаңдан
Мен магдыраймын
Салкын абаңдан
Мен магдыраймын
Менин Алайым