Обложка трека Жөнөкөйүм — Чынгыз Турдубеков
2:41

Чынгыз Турдубеков Жөнөкөйүм

Альбом · Кайдасың · 2016

Скачать

Текст песни

Опаасыз өткөн күндөр бир өзүңдө
Оболоп күүгө келип көмөкөйүм
Оролуп ойлорумдун тирөөчүнө
Ойготтуң сезимимди, жөнөкөйүм
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм
Ойготтуң сезимимди, жөнөкөйүм
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм
Ойготтуң сезимимди, жөнөкөйүм
Жүрөгүм бүлүктөнбөй бейкуттанып
Жүргөндө махабаттан ыраакталып
Жолугуп мен өзүңө калдым капыс
Кылгырган көздөрүңө кынапталып
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм
Кылгырган көздөрүңө кынапталып
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм
Кылгырган көздөрүңө кынапталып
Баам салып алдыртадан бир өзүңө
Баа бердим жөнөкөйлүк мүнөзүңө
Таптым деп кыялдагы адамымды
Таалайдын гүлү өңдүү жүрөгүмө
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм
Таалайдын гүлү өңдүү жүрөгүмө
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм
Таалайдын гүлү өңдүү жүрөгүмө
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм
Таалайдын гүлү өңдүү жүрөгүмө
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм
Таалайдын гүлү өңдүү жүрөгүмө

0:00 0:00