Текст песни
Бир чоңоюп бала кезден
Тентек кылдык укпай нечен
Кайталангыс балалыктын аттиң
Таттуу күндөр ошол экен
Атамандыкты талашып
Ойноп кайра жакалашып
Окуучулук күндөрүбүз эми
Келбейт артка кайталанып
Токсонунчу жылкылар
Классташтар теңтуштар
Кыргызымды даңктап көтөргөн
Эр азамат болдуңар
Токсонунчу жылкылар
Жоро жолдош курбулар
Денсоолукта болуп ар дайым
Шыдыр болсун жолуңар!
Бир уядан учтук бирге
Канат кагып келечеке
Ар тараптан жолду таптык эми
Таазим агай эжейлерге
Кайда жүрсөк амандыкта
Жолугалы жакшылыкта
Кыргызстандын токсондору бирге
Көтөрүлсүн дайым алга!
Токсонунчу жылкылар
Классташтар теңтуштар
Кыргызымды даңктап көтөргөн
Эр азамат болдуңар
Токсонунчу жылкылар
Жоро жолдош курбулар
Денсоолукта болуп ар дайым
Шыдыр болсун жолуңар!
Токсонунчу жылкылар
Классташтар теңтуштар
Кыргызымды даңктап көтөргөн
Эр азамат болдуңар
Токсонунчу жылкылар
Жоро жолдош курбулар
Денсоолукта болуп ар дайым
Шыдыр болсун жолуңар!