Обложка трека Жүрөгүм — Чынгыз Турдубеков
2:35

Чынгыз Турдубеков Жүрөгүм

Сингл · 2026

Скачать

Текст песни

Сен менен жүрөгүмдүн тынып санаасы
Сен деген үмүтүмдө күйүп жанасың
Ушунча көңүлүмдүн таппай түнөгүн
А көрсө бир өзүңдү күтүп жүрүпмүн

Жүрөгүм жүрөгүм
Көңүл түнөгүм түнөгүм
Жарты жан сыяктуу
Сен жок жүдөдүм

Жарымым жарымым
Жанган жарыгым жарыгым
Аярым өзүңдү
Жоктоп сагындым

Сен мен үчүн карегим да көзүмсүң
Күлмүңдөгөн жүзүмдөгү күлкүмсүң
Сен дегенде билбей калып дарегим
Сен мен үчүн ак сарайым, үйүмсүң

Сен мен үчүн асманым да жеримсиң
Бул ааламда жашоо берген демимсиң
Жазылган тагдырыма багыма
Сен мен үчүн өмүрдөгү теңимсиң

Жүрөгүм жүрөгүм
Көңүл түнөгүм түнөгүм
Жарты жан сыяктуу
Сен жок жүдөдүм

Жарымым жарымым
Жанган жарыгым жарыгым
Аярым өзүңдү
Жоктоп сагындым

0:00 0:00