Обложка трека Мен курдуу балдарга — Сактан Кабылбеков, LUCKY
3:07

Сактан Кабылбеков, LUCKY Мен курдуу балдарга

Сингл · 2025

Скачать

Текст песни

Алыстады кетти качты барым
Арыштадым жетпей камчыладым
Нуруңду төгүп кол сунарым
Муңумду сууруп болчу дарым

Күндө уктап тоссок аткан танды
Күкүмүн терип жеп каткан нанды
Сүйүнүчтүү кабар кантип болсун
Сүйрөп жүрсөк минтип араң жанды

Чыгынбаган жаштар оңобу
Чырылдаган мастар толобу
Чылымындан берсең болобу

Жарың айтат булар эмне конобу
Тынч өмүрдү талкалашып тоноду
Жайдын аптабында бербеген чайыңды
Кыштын ызгаарында ичсек болобу

Өз өмүрүң өзүң жүрсөң түшүнбөй
Күндөр эмес өмүр өтөт бүтүндөй
Менда болгом ал күндөрдүн ичинде
Эстегенге эч нерсе жок түшүңдөй

Көп ойлонсоң ойлор жетет жиликке
Чалгын жаса жан дүйнөңдү иликте
Кече эле барды жокту бир көргөн
Жанындагы балдар жүрөт бийикте

Бир күн бирге олтурганда ата бала
Баарын билем түшүнөм деп айтса мага
Балким жакын эле калды бактың кара
Алдың кара артың кара

Бир күн бирге олтурганда ата бала
Баарын билем түшүнөм деп айтса мага
Балким жакын эле калды бактың кара
Башаламан кундорду бүктөп туруп
Баш аягың жый дагы

Чаптыр гана чаптыр гана чаптыр чаптыр
Чаптыр гана чаптыр гана чаптыр чаптыр
Чаптыр гана чаптыр гана чаптыр чаптыр

Чыгынбаган жаштар оңобу
Чырылдаган мастар толобу
Чылымындан берсең болобу

Жарың айтат булар эмне конобу
Тынч өмүрдү талкалашып тоноду
Жайдын аптабында бербеген чайыңды
Кыштын ызгаарында ичсек болобу

0:00 0:00