Обложка трека Жет — Kaibar
2:46

Kaibar Жет

Сингл · 2024

Скачать

Текст песни

Эр жигит бол өтө намысына бек, бек
Эңсеп келген бийик кыялыңа жет, жет
Каршылаштын баарын тайманбастан жең, жең
Мыктыларга гана чемпиондук берилет
Эр жигит бол өтө намысына бек, бек
Эңсеп келген бийик кыялыңа жет, жет
Тарыхты жараткан кыргыз уулу деп, деп
Биринчи аталып желегиңди желбирет
Убакыттын келди, бекем байлап белди
Талыкпастан машыга бер көп агызып терди
Кандай гана дараметти сага Кудай таалам берди
Күч-кубатка толтургун деп булчуң, билектерди
Жылгысаң, коркпо! Көтөрөт жер эне
Акыл менен сабыр керек жетүү үчүн жеңишке
Көп-Көп иште! Каталарга маани бер
Өсүү-өнүгүү негиздери тартипте
Алгалай бергиниң ар бир кадамдан-кадамга
Дем, күчтү беришет сага ишенген адамдар
Кыргыздын рухун көрсөтүп асманда жылдызың жарык жанганда
Ата-журт кубанып атагың чыксын алыска
Эр жигит бол өтө намысына бек, бек
Эңсеп келген бийик кыялыңа жет, жет
Каршылаштын баарын тайманбастан жең, жең
Мыктыларга гана чемпиондук берилет
Эр жигит бол өтө намысына бек, бек
Эңсеп келген бийик кыялыңа жет, жет
Тарыхты жараткан кыргыз уулу деп, деп
Биринчи аталып желегиңди желбирет
Саат сайын кубат алып күн сайын бийикте
Сабырдын түбү сары алтын аракеттен ээрибе
Толуккандуу өзүңдү бер ишеннип тилегиңе
Бириктирип бүт элиңди от жандырып сезимде
Элдин уулу болгондуктан улутуңдун жүзүсүң
Ар-намыска бекем туруп миллиондун үлгүсү бол!
Кылганыңды чагылдырсың ыйманыңдын күзгүсү
Курчутулуп бир өзүңдө жеңүүчүнүн мүнөзү
Кайра-кайра тынбай иштеп кайра кайратыңды
Багындырып бүтмөйүнчө бийик максатыңды
Бүткүл элиң сыймыктана турган баатыр сыңду
Тарыхтын барактарында калтыр өз атыңды
Эр жигит бол өтө намысына бек, бек
Эңсеп келген бийик кыялыңа жет, жет
Каршылаштын баарын тайманбастан жең, жең
Мыктыларга гана чемпиондук берилет
Эр жигит бол өтө намысына бек, бек
Эңсеп келген бийик кыялыңа жет, жет
Тарыхты жараткан кыргыз уулу деп, деп
Биринчи аталып желегиңди желбирет

0:00 0:00