Обложка трека Сага арнайм — Kaibar, Бегиш
2:56

Kaibar, Бегиш Сага арнайм

Сингл · 2025

Скачать

Текст песни

Акыркы акчама сатып алып букет
Учкан бойдон келип калдым сени көрөйүн деп
Хатикодой күтүп турамын терезеңди тиктеп
Чыдамымды сынабастан чыга калчы тезирээк

Ооу Жагып койдуң сүйүү шамын
Сени коргош үчүн керек болсо мушташамын
Нечен сууларды кечемин, даалай ашууну ашамын
Таттыктуу жигит болом, көз алдыңда эне-атадыңдын

Мээримиңди төкчү Мирбектей ырдап берейин
Суранамын, жалынам жанымдан кетпегин
Бардыгынан өзгөчөсүн, бир сени Чолпонум деймин
Гагариндей учуп барам, жылдызым сага чейин
Жок сендей мен үчүн кең ааламда
Baby сүйүүмдү чанба-чанба

Бул ырымды сага арнайм
Жүрөгүмдү сага арнайм
Сырларымдын баарын айтып
Сүйөрүмдү эми болду катпайм

Бул ырымды сага арнайм
Жүрөгүмдү сага арнайм
Сырларымдын баарын айтып
Сүйөрүмдү эми болду катпайм
Эми болду катпайм

Шарабы жок масмын мен сенин сүйүүңө
Шамалы жок асманым болуп сен күнүм
Канча жылдан бери чогуу болуп үй-бүлө
Зарыгам сенин сүйүңө көрүп калсам да күнүгө

Керек эмес, сенсиз дүнүйө
Эрмегимсиң жалгыз бул дүйнөдө
Эгер жаның куса болсо чалып кой
Мен күтүүдөмүн

Сени менен аскадан асканы ашып жетишем
Колумду бекем кармап, ишенип сен ээрчисең
Өмүрдүн жарык болгон элестерин бир көрүп
Бир болууга ар дайым макулмун мен дечи сен

Көздөрүң терең көрүп, көп нерсени билчүдөй
Айтчы сен мага сенден башка дагы ким түгөй
Өзүң менен бир түнөйм сенсиз бар бир түн ой
Эркин сез өзүңдү мен жаныңда бүгүн

Бул ырымды сага арнайм
Жүрөгүмдү сага арнайм
Сырларымдын баарып айтып
Сүйөрүмдү эми болду катпайм

Бул ырымды сага арнайм
Жүрөгүмдү сага арнайм
Сырларымдын баарып айтып
Сүйөрүмдү эми болду катпайм
Эми болду катпайм

0:00 0:00