Перейти к содержимому
Обложка трека Жаштык Кез — Мирбек Атабеков
3:05

Трек

Мирбек Атабеков Жаштык Кез

Сингл · 2022 · Фолк

Скачать

Текст песни

Жаштык кез жаңы кийимдей
Эскирсе калган кийилбей
Боз улан бойдон турбайсың сен
Бул жолуң өтөт билинбей
Боз улан бойдон турбайсың сен
Бул жолуң өтөт билинбей

Кыярса калбас күбүлбөй
Кырчын кез тоонун гүлүндөй
Кыз бойдон дайым турбайсың сен
Кызык кез өтөт билинбей
Кыз бойдон дайым турбайсың сен
Кызык кез өтөт билинбей

Күнүгө сени жандаган
Күлгүн чак келбейт кайрадан
Элирбей жаштык кезиңде сен
Эс-акыл менен пайдалан
Элирбей жаштык кезиңде сен
Эс-акыл менен пайдалан

Турмушка өчпөс из калтыр сен
Туягың бүтүн чагыңда
Турмушка өчпөс из калтыр сен
Туягың бүтүн чагыңда
Турмушка өчпөс из калтыр сен
Туягың бүтүн чагыңда

0:00 0:00