Обложка трека Кечки Бишкек — Мирбек Атабеков
4:20

Мирбек Атабеков Кечки Бишкек

Сингл · 2022

Скачать

Текст песни

Кечки Бишкек - мен көргөн тагдырга болдуң себеп
Музга айланган көңүлдүн дартына жообуң керек
Азыр кайда? Азыр кайда?
Айтчы мага?
Бакытка балкыган
Жан дүйнөм чалкыган - жаным!
Жалындаган, жараланган жүрөгүмдү
Сен аны билбейсиң
Сен аны сезбейсиң
Сен мендей сүйбөйсүң - жаным!
Суктанып караганың
Көңүлдү баалап аяганың
Андагы мамилеңди
Мен кимден табаламын?
Ой баскан санааларым
Оорубас дүйнөм жараладың
А балким, жолугуп мен
Айткым келет сага баарын
Кечки Бишкек - унутулгус күндөрдү кылдың белек
Ал кездерде айттырбай түшүнүп жүргөн элек
Жүргөн элек
Азыр кайда? Азыр кайда?
Айтчы мага?
Бакытка балкыган
Жан дүйнөм чалкыган - жаным!
Жалындаган, жараланган абалымды
Сен аны билбейсиң
Сен аны сезбейсиң
Сен мендей сүйбөйсүң - жаным!
Суктанып караганың
Көңүлдү баалап аяганың
Андагы мамилеңди
Мен кимден табаламын?
Ой баскан санааларым
Оорубас дүйнөм жараладың
А балким, жолугуп мен
Айткым келет сага баарын

0:00 0:00