Перейти к содержимому
Обложка трека Таң Сыры — Мирбек Атабеков
4:13

Трек

Мирбек Атабеков Таң Сыры

Альбом · Ата Мекеним · 2022 · Поп

Скачать

Текст песни

Көрүшкөнчө көздөрүңдөн чагылган
Нурларынан курган кайран көпүрөм
Бекемине күмөн санап жаңылгам
Өтүмү жок болгонума өкүнөм
Кимге айтып күйүтүмдү
Кимге барып өтүнөм?
А-а-а-а-а-а-а-й
О-о-о-о-о-о-о-й
Кимге айтып күйүтүмдү
Кимге барып күнү-түнү
Кимге барып өтүнөм?

Таңшыгыча табышмактуу таң сыры
Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү
Табалабайм кайрылганда айт чынын
Артык бекен башка жердин көркөмү?
Арбалсаң да бир келерсиң
Ала-Тоону көргөнү
А-а-а-а-а-а-а-й
О-о-о-о-о-о-о-й
Сагынганда бир келерсиң
Саргайганда бир келерсиң
Ала-Тоону көргөнү

Кала берем мекенимде сени эстеп
Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо
Өтүнөрүм көкүрөгүм элестеп
Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм
Жаңырыгы жарар зоо
А-а-а-а-а-а-а-й
О-о-о-о-о-о-о-й
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм
Жаңырыгы жарар зоо
Сагынганда бир келерсиң
Саргайганда бир келерсиң
Ала-Тоону көргөнү

0:00 0:00