Текст песни
Мени сүйсөң бардыгына чыдап сүй
Жүрөк менен жүрөгүмдү тыңдап сүй
Жалган жашоо сыяктанбай жанымда
Сезимимди ойнотпостон чындап сүй
Сени сүйөм жүрөк сүйө алганча
Бүт унутуп акыл эстен танганча
Жеткизбестен желге айланып кетсең да
Чуркай берем жер түгөнүп калганча
Мени сүйсөң жай чилдедей ысып сүй
Кучагына бекем мени кысып сүй
Муздай тоңуп турса дагы билгизбей
Жалындаган отко окшоп кызып сүй
Мени сүйсөң сүйүүмдү сен сезип сүй
Жүрөгүмдү элжиретип эзип сүй
Сүйүү үчүн даяр болуп баарына
Бүт ааламды чарк айланып кезип сүй
Сени сүйөм башкаларга теңебей
Дүйнө каршы болсо дагы эч кенебей
Өлчөмү жок менде жанган сезимдин
Сүйө берем сени сүйөм ченебей
Мени сүйсөң деңиз болуп чалкып сүй
Ыссык колдун тынчтыгындай
Э балкып сүй
Сезимдеги сага болгон сүйүүмдүн
Эн таттуусу жалгыз өзүн калпып сүй
Сени сүйөм аскаларга урунбай
Алакандай ачык турам жумулбай
Бир жүрөгүм жүз бөлүнүп кетсе да
Ысык көлдүн жайкы ысык кумундай
Мени сүйсөң жай чилдедей ысып сүй
Кучагына бекем мени кысып сүй
Муздай тоңуп турса дагы билгизбей
Жалындаган отко окшоп кызып сүй
Мени сүйсөң сүйүүмдү сен сезип сүй
Жүрөгүмдү элжиретип эзип сүй
Сүйүү үчүн даяр болуп баарына
Бүт ааламды чарк айланып кезип сүй