Текст песни
Узун кирпиги төгүлгөн
Кол жеткис пери көрүнгөн
Карагат көзү карлыгач өзү
Кундуздай чачы өрүлгөн
Белинде аппак билеги
Бек кысып аны бийледим
Кароодон канбай карегим талбай
Балкытат чоктой илеби
Белинде аппак билеги
Бек кысып аны бийледим
Кароодон канбай карегим талбай
Балкытат чоктой илеби
Жүзүмдөй жүзүңдү өбө албай
Жүрөмүн өзүмдү алдай
Татына эрдиң, табалбайм эми
Талпынап турам баладай
Белинде аппак билеги
Бек кысып аны бийледим
Кароодон канбай карегим талбай
Балкытат чоктой илеби
Белинде аппак билеги
Бек кысып аны бийледим
Кароодон канбай карегим талбай
Балкытат чоктой илеби