Текст песни
Тайманбаган мүнөзү
Тоссо дагы жалынга
Айбаты курч Манастын
Духу жашайт канымда
Кыргыз элим менин
Намыстуу ар тараптан
Кыргыз элиме
Катуу сүйлөп адашпа
Кыргыз жериме
Душман кирип баратса
Кыргыз жигиттери
Айланышат Манаска
Желбиресин асманга кызыл желегиң
Алакандай өлкөм менин,эгеменим
Кыргызстаным так ордосу берекенин
Баары билет бейиштей жер экенин
Казсаң тарых тереңин
Желбиретип желегин
Кыргыз деген ким десең
Ал кырылгыз дегени
Кыргыз деген ким десең
Айтып берем мен эми
Жоону таптап майдалап
Талкан кылып жегенин
Кыргызда кыздын аты улук
Кыргызда кыздын чачы улук
Келатат кыргыз кыздары
Жүзүнөн кетпей аруулук
Жеңилбейт чыкса таймашка
Дем берет Курманжан Датка
Ар дайым биринчи болуу
Айланган биздин адатка
Жакшылап байкап карасаң
Арстан жүрөк орногон
Кыргыз үчүн жан берип
Өз мекенин коргогон
Бири жазуучу,бири сүрөтчү,бири күрөштүн чебери
Бир жакадан баш,бир жеңден кол чыгарсак ийгиликтин келери
Шек жок таанылабыз ааламга
Бизди билип жүр тааныбасаң
Биз Айкөл Манастын неберелери