Перейти к содержимому
Обложка трека Жаным деймин — Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева
3:15

Трек

Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева Жаным деймин

Сингл · 2025 · Поп

Скачать

Текст песни

Мен сени күнүм дебейм
Кеч кирсе батып кетет
Мен сени айым дебейм
Таң атса качып кетет

Жылдыз деп санабаймын
Жымыңдайт алыс жакта
Булбулум дей албаймын
Үн салат түркүн бакта

Кушум деп көкөлөтпөйм
Баары бир жерге конот
Сезимге салыштырбайм
Бир жылып, бирде тоңот
Мен сени «ЖАНЫМ» деймин
Түбөлүк бирге болот

Кушум деп көкөлөтпөйм
Баары бир жерге конот
Сезимге салыштырбайм
Бир жылып, бирде тоңот
Мен сени «ЖАНЫМ» деймин
Түбөлүк бирге болот

Гүлүм деп эркелетпейм
Күз келсе соолуп калат
Жүрөгүм дей албаймын
Бир сөздөн ооруп калат

Мен сени жазым дебейм
Жай келсе өңү кетет
Деңизим дей албаймын
Анткени көбү кечет

Кушум деп көкөлөтпөйм
Баары бир жерге конот
Сезимге салыштырбайм
Бир жылып, бирде тоңот
Мен сени «ЖАНЫМ» деймин
Түбөлүк бирге болот

Кушум деп көкөлөтпөйм
Баары бир жерге конот
Сезимге салыштырбайм
Бир жылып, бирде тоңот
Мен сени «ЖАНЫМ» деймин
Түбөлүк бирге болот
Мен сени «ЖАНЫМ» деймин
Түбөлүк бирге болот

0:00 0:00