Sam Kubatov Бакыттан кат
Текст песни
Жүрөсүңбү аман-эсен сүйүктүүм
Жүрөктү эзип баштагыдай күлүп тим
Мезгил бир аз жоошутканы болбосо
Мен баягы тынч албаган жигитмин
Тирүүлүгүм канат кагып дирилдейт
Тилектер көп, дале санаам бириндейт
Өзгөлөрдөн сурап көрсөң айтаттыр
Өзгөргөнүм өзүмө түк билинбейт
А сен кандай? Мезгил менен актыңбы
Азыр деле сулуусуңбу Жашсыңбы
Жолдо дале жүрөсүңбү жалгыздык
Жолдош күтүп же теңиңди таптыңбы
Мерээздикти, мээримди да көрүп миң
Мен турмуштун көп шартына көнүктүм
Чоң жаңылык айтайынбы аа баса
Чоктой ысык махабатка кезиктим!
Аным ырас, жакшы дейин жакшыны
Ал аруу кыз Тартуулады бактыны
Кайда жүрсөң бактылуу бол дечү элең
А мен азыр чындап эле бактылуу