Текст песни
Бал-бал жанган көздөрүңдүн карасы
Сен окшодуң жүрөгүмдүн дабасы
Сендей жанды жер ааламдан тап-такыр
Башта кийин көрбөгөнмүн чамасы
Сезимдерге салгандайсың дүрбөлөң
Сендей сулуу көрбөдүм бул дүйнөдөн
Жүрөгүмө чок салдыңда тымызын
Сен бол эми ошол чокту үйлөгөн
Сүйкүм кылып ууртуңдагы уячаң
Ээрип кетем уялыңкы карасаң
Кыйнай бербей сүйүү деген дарт менен
Жетээр эми бир аз мени аясаң
Сүйкүм кылып ууртуңдагы уячаң
Ээрип кетем уялыңкы карасаң
Кыйнай бербей сүйүү деген дарт менен
Жетээр эми бир аз мени аясаң
Кымча белин тал чыбыктай ийилген
Баскан сайын сулуулугун билинген
Суйууп калдым билиндиби козумдон
Билинбесе айтып берем ыр менен
Бал-бал жанган көздөрүңдүн карасы
Сен окшодуң жүрөгүмдүн дабасы
Сендей жанды жер ааламдан тап-такыр
Башта кийин көрбөгөнмүн чамасы
Сүйкүм кылып ууртуңдагы уячаң
Ээрип кетем уялыңкы карасаң
Кыйнай бербей сүйүү деген дарт менен
Жетээр эми бир аз мени аясаң
Сүйкүм кылып ууртуңдагы уячаң
Ээрип кетем уялыңкы карасаң
Кыйнай бербей сүйүү деген дарт менен
Жетээр эми бир аз мени аясаң