Обложка трека Боорукер — Мирбек Атабеков, Назгуль Токтакунова
2:43

Мирбек Атабеков, Назгуль Токтакунова Боорукер

Сингл · 2026

Скачать

Текст песни

Бүгүн кучактаймын жылуу демим менен
Жамандыкка жакшы менен жооп берем
Кечирим кылычым, менин сынбай келем
Жүрөгүмдө баарыңарга сүйүүм терең

Жашоо согуш, бирок мен тынчтык издейм
Караңгы каптаса да, мен жарык издейм
Кечирим бул эрдик, досум, түшүн бекем
Бузулса да дүйнө, тилегеним кенен

Жылдыздай асманга бийик уча берем
Баарыңарды кучагыма кыса берем
Анткени боорукер адаммын мен
Жаманды унутуп, жакшылыкка жаза берем
Ырларым менен көңүлүңдө кала берем
Анткени боорукер адаммын мен

Жылуу сөзүм менен дем бере берем
Менин күчүм жүрөктө, унутпагын дегем, унутпагын дегем
Адам болуу жашоодо улуу белек
Көз жашың төгүлсө, кармайм сенин колуңду
Сезим менен көрөм сенин дүйнөңдү
Ар демиңден уга берем үнүңдү
Жашырсаң да табам сенин өңүңдү

Жылдыздай асманга бийик уча берем
Баарыңарды кучагыма кыса берем
Анткени боорукер адаммын мен
Жаманды унутуп, жакшылыкка жаза берем
Ырларым менен көңүлүңдө кала берем
Анткени боорукер адаммын мен

0:00 0:00