Обложка трека Күтүшкөн күндөр — Гульнура Валижанова
3:49

Гульнура Валижанова Күтүшкөн күндөр

Сингл · 2026

Скачать

Текст песни

Ай чыгарын күтүшкөн күндөрүбүз
Тандап терген татына гүлдөрүбүз
Сен мага деп, мен сага сунар элем
Өмүр бою үзүлбөй күдөрүбүз
Жашоо-турмуш өзгөрүлөт турбайбы
Жаштыгымда ойлобопмун мындайды
Эскерели өткөн күндү салалап
Эстеликке эскеришер күн калды
Ай асманда жылмайып турар элем
Мээрим менен жакындык сунар элем
Түбөлүккө бир болуп жүргүлө деп
Асыл кебин кулакка куяр элем
Жашоо-турмуш өзгөрүлөт турбайбы
Жаштыгымда ойлобопмун мындайды
Эскерели өткөн күндү салалап
Эстеликке эскеришер күн калды

Ай чыгарын күтүшкөн күндөр калды
Биз сунушчу татына күндөр дагы
Сезимдеги сакталган ал күндөрүм
Көрүнбөй ал күндөрүм артта калды
Жашоо-турмуш өзгөрүлөт турбайбы
Жаштыгымда ойлобопмун мындайды
Эскерели өткөн күндү салалап
Эстеликке эскеришер күн калды
Жашоо-турмуш өзгөрүлөт турбайбы
Жаштыгымда ойлобопмун мындайды
Эскерели өткөн күндү салалап
Эстеликке эскеришер күн калды
Эстеликке эскеришер күн калды

0:00 0:00