Текст песни
Ылдам, ылдам, ылдам
Поезд жүрүп барат
Сизге болгон сүйүүм
Кайра күчөп барат
Эстеймин ошол түндү
Поездде бирге барган
Жиби жок өзүңүзгө
Билдирбей байлап алган
Улгайган жашын билем
Уланды сүйүү деген
Киргенче купеңизге
Каткырып күлкү менен
Ылдам, ылдам, ылдам
Поезд жүрүп барат
Сизге болгон сүйүүм
Кайра күчөп барат
Коңшулаш купедеги
Бейтааныш сизди күтөм
Чыкпайсыз түн ортосу
Аны мен жакшы билем
Айта албай саламымды
Таанышпай каламынбы?
Кара көз бейтаанышым
Көрсөтчү карааныңды
Ылдам, ылдам, ылдам
Поезд жүрүп барат
Сизге болгон сүйүүм
Кайра күчөп барат
Ал жерде көпкө күткөм
Махабат көлгө чөккөм
Айтылбас бул сырларым
Ыр болуп канат бүткөн
Жалжал көз бейтаанышым
Кош эми жаздын деми
Эстей жүр ырдаганда
Сүйгөн деп бир кыз сени
Ылдам, ылдам, ылдам
Поезд жүрүп барат
Сизге болгон сүйүүм
Кайра күчөп барат
Ылдам, ылдам, ылдам
Поезд жүрүп барат
Сизге болгон сүйүүм
Кайра күчөп барат