Обложка трека Элдин Балдары — Kaibar, Баястан, 7Gen
2:43

Kaibar, Баястан, 7Gen Элдин Балдары

Сингл · 2026

Скачать

Текст песни

Элдин балдары
Мына мына келатат
Элдин балдары
Даалай ишти кыйратат
Сыймыгы эне-аталардын,
Аларды билешет баары.
Жетимиш өнөрү бар, таанымал элдин балдары.
Ар убакта мисал болуп жүрүшөт үлгү катары,
Ээлеп эң эле мыкты эр азаматтар катарын.
Жөнөкөй, ошол убакта эле өзгөчө,
Тамашакөй, сонун табити бар өзүнчө.
Кесипкөй, эгер жумуш кылса аны кылат так,
Жана элдин баласында бар толо физика.
Алы жетет баарына,
Амал деген такыр качып кутулбайт.
Бүт нерсе ыгын таап,
Мактоолорго таттуу дайыма.
Элибиздин балдары,
Журтубуздун уулдары,
Эсептесең сан жетпеген миңдеген сандагы.
Элибиздин балдары,
Журтубуздун уулдары,
Силерге арналат мына ушул ыр дагы.
Элдин балдары
Мына мына келатат
Элдин балдары
Даалай ишти кыйратат
Элдин балдары өзүнчө супермэндер,
Эч ким жок аларга тең келген.
Алар жүрүшөт дайыма мыкты деңгээлде,
Бүт баары баарына жардамын бергенге.
Элдин балдары өзүнчө супермэндер,
Эч ким жок аларга тең келген.
Спортбу? Билимби? Маданиятпы?
Жеңилгендер эмес, алар жеңгендер.
Алоолоп жалындай,
Деги сөзүнөн жаңылбай,
Жана сүйлөсө тартынбайт,
Өтө шок шок шок.
Катуу чагылган, жаркыраган бүт жагынан демек,
Аларды көргөндөр дароо шок шок шок.
Мени элим дайым жүрө берет сыймыктанып,
Көп мактаным, көп көп мактанып.
Ана эмесе жара берсин,
Өтө сонун кайырмасы менен
Кайбар, Баяс, Жети элдин балдары.
Элдин балдары
Мына мына келатат
Элдин балдары
Даалай ишти кыйратат
Элдин балдары ичпейт, чекпейт,
Жатканды теппейт,
Аша чабып кетпейт.
Аялзатка зөөкүр эмес,
Камкор эркектей,
Сыйлуу мамилесине эч нерсе жетпейт.
Айткан сөзүнө турат,
Бекем үй-бүлө курат,
Уул кыздарына тарбия берет татыктуураак.
Катуу сүйлөбөйт, чочутпайт,
Сөздөрү жумшак,
Коркутпайт, калп эле кыйнап, калп эле жумшап.
Иштерин так аткарат,
Тиштерин таза кармап, бар даарат.
Жетишкендиктери убагында баркталат,
Чалагайымдары орто жолдо калып калат.
Ата эне моюнунда олтурбай тескери,
Кылган мээнетин дайыма баалайт эскерип.
Жакындарга жеңилдиктен көп көп берип,
Түйшүк болбойт бала кезден бери.

0:00 0:00