Обложка трека Издебе — 7Gen, ERA
2:41

7Gen, ERA Издебе

Сингл · 2026

Скачать

Текст песни

Сагынып издебе, мени жолуктурганда
Себебин издебе, анык болуп турганда!
Күнөө менде деве, сурооңо жообум барда!
Мен сени кое бергем, сен зар болуп турганда!
Менден кетти, экөөбүз тең билебиз,
Башым кайнап мээм айныганда.
Ооруп калып соо сезимдерибиз,
Себебин издебедик айыкканга.
Эң оңой изилдебей кетип калыш,
Башка бирөө менен мамиле курганга.
Эң татаал жеңилдикке жетип барыш,
Ага чейин далай сыноолор турганда.
Эми кантип мен сенин жаныңда болом?!
Сен үлгүрдүң татыктууга жолукканга.
Сенин жүрөгүңдөй мен сен үчүн согом,
Аркан болом үзүлбөгөн колуңарга.
Сага бакыт каалайм, эгер мага ишенсең.
Адам таппайсың бул каалоодон мага тең келген.
Мен таппагандай сулуу сага тең келген,
Миллиондогон элдерден!
Кайрадан мен сага эми бара албайм!
Мамилем кем калып айла таба албай!
Жаңылдык тең, тагдырыбыз ар кандай.
Чалба мага, жазба мага!
Сагынып издебе, мени жолуктурганда
Себебин издебе, анык болуп турганда!
Күнөө менде деве, сурооңо жообум барда!
Мен сени кое бергем, сен зар болуп турганда!

0:00 0:00